Чынын айтышыбыз керек. Азыркы ажо менен экс-ажонун жеке тиреши мамлекеттик деңгээлге чыгып, мындан алты жыл мурунку иштер толук изилдене баштады. Кечээ эле, алты жыл мурун Атамбаевдин отy менен кирип, күлү менен кошо чыккандар бүгүн аны жамандап отyрушат. Пендечилик. Маселе анда деле эмес.
Кептин баары, депутаттык комиссия саясий куралга айланып, учурунда мамлекеттик тѳңкѳрүш уюштурууга айыпталгандарды бүгүн саясий туткунга айлантып, «саясий террор» термини менен экс-ажону жамандап жаткандарында. Ар бир Конституциялык түзүлүштү кулатууга аракеттенген күчтѳргѳ каршы туруу бул мамлекеттин тике милдети. Мамлекеттүүлүктү сактоо болуп саналат. Бул Америкада да, Африкада да баш мыйзамда бар.
Сѳз удулу келгенде айта кетпесек болбойт. Эгер эртең кандайдыр бир сепаратисттик же саясий күчтѳр мамлекеттик түзүлүшкѳ шек келтирсе, тынчтыкты бузса, алар ѳлкѳ туруктуулугуна коркунуч жаратканга айыпталып камалышса, анан кийин аларды «саясий туткун» катары актоого аргасыз болобуз. Мына ушул кооптуу жагдайга жол чабылып жатат. Ырасында, Бекболот Талгарбеков башында турган топтун, ошол кезде ачык эле Атамбаевдик бийликти кулатуу аракетин кѳргѳн чакырыктары жалпыга маалым.
Андагы телефондук сүйлѳшүүлѳрүндѳ Б.Талгарбеков, М.Султанов Т.Койлубаевдердин ошол кездеги УКМК башчысы Абдил Сегизбаевдин буту-колун сындырабыз Атамбаевди тактан кулатабыз дешкени ачыкка чыккан. Кубанычбек Кадыров, Бектур Асановдордуку деле ушул сыяктуу жорук. Дастан Сарыгуловдун кызмат бѳлүштүрүү боюнча сүйлѳшүүлѳрү элге дайын болгонун ким танат?..
Эрнис Карыбековдун болсо Ѳзбекстандын атайын кызматтары менен кызматташканы боюнча тыңчы айыбы коюлганын эч ким жокко чыгара элек. Нариман Түлеев коррупцияга айыпталып, камалган. Кийин айып тѳлѳп жазадан жеңил кутулуп кеткен. Ошого сүйүнгѳндүн ордуна бүгүн кек кууп отурат. Баарын айыптуу деп сот чечим чыгарган. Алар ак жеринен камалганы боюнча соттук чечим жок. Анан кайдан «саясий туткун», куугунтук кѳргѳндѳр болуп чыга калышат?.. Дегенибиз, ошол эле комиссиянын мүчѳлѳрүнүн дээрлик кѳбүнүн Атамбаевге тиш кайраган ызакеги барлар. Алсак, Талант Мамытов Камчыбек Ташиев менен Ак үйдүн тосмосун ашып, бийликти басып алууга ниеттенгени үчүн айыпталып камалган. Кийин жазалары жеңилдетилип бейбаштыкка алмаштырылып, абактан эрте чыгышты. Эми бул нерсе кечирим,сүйлѳшүүлѳрдүн натыйжасында болгонун баамдоо кыйын эмес. Канат Исаев дагы камалып, азыркы бийлик чыгарган.
Эми ыраазычылыгын билдирүү үчүн ошондой эле ынгайлуу учурдан пайдаланып эсептешип калууну кѳздѳѳдѳ. Ѳзүн “чимкирик,какырык эмесмин” деп айкырык салган Кожобек Рыспаевдики болсо түшүнүктүү. Күн тийген жерди пааналайт. Айтор кѳбү куйругунда калбыры барлар… Ушундай ичинде «ит ѳлгѳн» ич күптүлѳрдү жыйып алып, депутаттык комиссиянын тѳрагасы Каныбек Иманалиев мамлекеттүүлүккѳ шек келтиргендердин жомогун жалпыга жарыялап жатканы кайсы логикага сыят?
Сыягы, шайлоо сайын улам бир партияга секирип «Ар-Намыс», «Ата Мекен» (ортодо бир топ партияга тийип чыкты) депутат болуп келе жаткан Каныбек Иманалиевге азыркы бийлик кийинки шайлоодо ѳтчү партиядан депутаттык мандат убадалган ѳңдѳнѳт?..
Болбосо, «Эркин-Тоо» басмаканасынын менчиктеп алышы, «Учкун» басмаканасынын пансионатын, кагаз сактоочу кампасын Осмон Артыкбаевге сатып жиберген былыктары үчүн учурда токтоп турган кылмыш иштеринин жанданышынан коркуп, «аюу кызматын» ѳтѳп жатабы? Кай жагынан алба «иттин ѳлүгү» жыттанат. Мына учурда экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу маселесин карап жаткан депутаттык комиссиясы Атамбаевге 6 айып такты. Анын ичинде «Бишкек ЖЭБин жанылоочу компанияны Атамбаев ѳзү тандап, бул иштен мамлекетке чоң зыян келтирилген» деген кине да бар. Кызыгы комиссиянын тѳрагасы Каныбек Иманалиев дал ошол кезде 2013-жылы Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетин башкарып туруп, Бишкек ЖЭБин жаңылоо үчүн насыя алуу чечимин колдоп, комитет жетекчиси катары кол койгон. Ошондо бул жагы «ууруну карма деп ууру жүрѳт» болуп жатпайбы?
Ѳкүнүчтүүсү, азыркы эки саясий лидердин бул тиреши акыры экѳѳнү тең алсыратып, ал ортодо Иманалиевдердин гана күнү тууганы турат. Экс-президент Атамбаев кѳргѳндѳ да кѳргүлүктү дал ушул Иса Ѳмүркулов менен Каныбек Иманалиевден кѳрүп отурганын азыркы ажо аңдап жатты бекен? Бир ѳрѳѳндүн суусун ичип, канча жылдар ага-ини, дос болуп келишкендер Атамбаевге кылгандарын эртең Сооронбай Жээнбековго жасабайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Ушуга мээлери жетип жаткан бийликте киши барбы?.. Биз дайым ажыдаар бийликти ѳзүбүз даярдайбыз. Саясий баланс бузулган жерде сѳзсүз ажыдаар пайда болоорун тарых далай ирет эскертсе да, аны жадыбыздан тез чыгарабыз.
Кезинде 1993-жылдагы легендарлуу парламентти таратып, Акаевге, анын үй-бүлѳсүнѳ болгон бийликти топтоп бергенбиз. Андан кийинки Бакиевдин кландык бийлиги да ат кошчу, кошоматчылардын айынан күчтѳнүп, Акаевдин башкаруусунан ашып түштү. Эки бийликтин тең тагдыры революция менен аяктады. Тарых үй-бүлѳлүк башкарууга жол жок дегенди али күнчѳ айттырып жатат. Атамбаев бийликке келгенде абал кыйла ѳзгѳрдү. 2010-жылдагы парламенттик шайлоодон кийин парламентке келген «Ата-Журт» фракциясы Атамбаевдик бийликке баланс болуп, президентти ооздуктап турду. Ошол эле Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаровдор кандай болгон күндѳ да бийликти тизгиндешти. Келдибеков болсо Атамбаевдин этегине «намаз окуп» кеткенин С.Жапаров ѳзү жазган китепте белгилеген жайы бар.
Ал эми 2015-жылдагы парламенттик шайлоодон кийин Атамбаевди тизгиндѳѳ, саясий балансты кармоо вазийпасы «Ата Мекен» фракциясына ѳттү. Жалгыз Ѳмүрбек Текебаев Атамбаев менен ачык кармашка чыкты. Дал ушул жерден Текебаевди ооздуктоонун бир амалы Жээнбековдордун арызы менен анын «Сентябрь» телеканалы жабылды. Бул тарыхый чындык. Каналы жабылды, анан ѳзү камалды. Учурда Атамбаевди түрмѳгѳ камоо аракети кѳрүлүүдѳ. Албетте, Атамбаев камалгандан дүйнѳ ѳзгѳрүп, жер астын-үстүн болуп кетпейт. Ооба, ким болбосун кылган кылмыштуу иштери үчүн жооп бериш керек. Бирок мыйзам чегинде. Экс-президенттик кол тийбестикти чагылгандай тездик менен алып камап салуу азыркы бийлик эгесин чагылгандай тездикте ажыдаарга айлантат. Учурда бийликти ооздуктап турган жалгыз гана Атамбаев экени чындык. Муну так айтышыбыз керек. Эгерде эле саясий баланс бузула турган болсо, дал ошол жерде революциялык кырдаал түзүлѳт…
Себеби тең салмактуулук бузулган жерде нааразычылык күчѳйт. Эл азыр бийликтен Атамбаевди качан камайсың деген талап кылган жок. Шайлоо учурундагы айлык менен пенсияны кѳбѳйтүү боюнча берилген убада качан аткарылат деп күтүшүүдѳ. Дал ушул маселеден элди алаксытып, бийлик жебе башын Атамбаевге буруп, аны менен кармашуу процессинде. Эгерде Атамбаев камала турган болсо «Саламатсыңбы ажыдаар?» деген гана сѳз айтылат…
Бекеринен Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина Атамбаевге жасалып жаткан чабуулдардын жыйынтыгынан кийин, ѳлкѳ жетекчиси бийликти ѳз каалоосу менен ѳткѳрүп берүүдѳн чочулап,коркуп кaлышаарын, башкача айтканда,кийинки мѳѳнѳткѳ калуу же бийликти туугандарына ѳткѳрүп берүү прецедентин жаратышы мүмкүндүгүн айтып жаткан жок.
Булак: «Фабула» гезити. 21-июнь, 2019-жыл.