Ош шаарында унаа дарыяга түшүп кетип, 3 адам каза болду

Автор -
344
Сүрөт: ӨКМ

Ош шаарында унаа дарыяга кулап, 3 адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 22-июнь күнү саат 22:00 чамасында Ак-Буура дарыясына “Жигули” үлгүсүндөгү унаа 3 эркек адамдар 1976-жылы туулган , С.М., 2009- жылы туулган,  Ж.Ш., 1978- жылы туулган Т. А. С. менен түшүп кеткен.

23-июнь күнү унааны суудан чыгаруу үчүн райондук ӨКМ бөлүмүнүн башчысынынын жетекчилигинде №102 ӨКБдан 3 куткаруучу, РӨКОдон 7 суучул жана Папан айыл аймагынан 1 экскаватор, 1 кран тартылган.

Ошол күнү саат 09:00дө унаанын айдоочусу 1976- жылы туулган , С.М., саат 10:30да 2009- жылы туулган,  Ж.Ш., саат 16:30да 1978- жылы туулган Т.А.  сөөгү табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.

Мындан сырткары унаасы суудан чыгарылган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү