Казакстан: Жарылуудан кийин канга боелуп, жардам күткөн адамдын видеосу тарады (Видео)

Автор -
1683

Социалдык тармактарда Казакстандын Арыс шаарында болгон жарылуудан кийин канга боелгон адамдын видеосу тарады.

Тасмадан жол боюнда канга боелу,жардамга муктаж эркек кишини көрө алабыз. Эӊ кейиштүүсү анын жанынан өтүп бара жаткан унаадагы адамдар да, жөө жүргүнчүлөр да жардам бербестен кайдыгер мамиле кылып өтүп баратканы болду.

Интернет колдонуучулар адамдардын мынчалык кайдыгер жана ырайымсыз болуп кеткенине зээни кейип, көптөгөн терс пикирлерин калтырышкан.

Белгилей кетсек, буга чейин жарылуу болуп жаткан жерден тартылган жоокердин видеосу тараган эле.

Ата-эне силерди жакшы көрөм. Жарылуу болуп жаткан жерден тартылган жоокердин видеосу тарады (Видео)

 

 

Бөлүшүү