Башкы прокуратура Алмазбек Атамбаевге коюлган беш айыпты негиздүү деп тапты

Автор -

Бүгүн, 25-июнда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин жыйынында “Кыргыз Республикасынын экс-президенти А.Ш. Атамбаевди статусунан ажыратуу үчүн ага каршы күнөө коюу маселеси боюнча Жогорку Кеӊештин убактылуу атайын комиссиясынын ишинин жыйынтыгы боюнча КР Башкы Прокуратурасынын корутундусу каралды.

КР Башкы прокурору Өткүрбек Жамшитов аталган маселени кароонун жыйынтыгында демилгечи топтун койгон айыптоолорунун ичиндеги экс-президенттин өз кызыкчылыгы үчүн баардык бийлик бутактарынан уюшкан кылмыш тобун түзүп алып, ага каршы сүйлөгөндөрдү куугундуктады деген айыптоого катыштыгы жок деп табылгандыгын белгиледи. Ал эми А.Атамбаевге коюлуп жаткан калган 5 айыптоодо КР Кылмыш кодексинин коррупция беренеси боюнча кылмыш белгилери бар деген тыянак чыгарылган.

Комитет мүчөлөрү КР Башкы прокуратуранын корутундусун эске алуу менен Жогорку Кеӊештин кароосуна чыгаруу чечимин кабыл алышты.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊештин убактылуу атайын комиссиясы «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердүүлүгүнө кепилдиктер жөнүндө» мыйзамдын 12-беренесин жана КР Жогорку Кеӊешинин Регламенти жөнүндө мыйзамдын 33-беренесинин негизинде түзүлгөн. Атайын комиссиянын курамына депутаттар Өмүрбек Бакиров, Евгения Строкова, Кожобек Рыспаев, Максатбек Эгембедиев, Нурлан Мамытов, Бактыбек Райымкулов, Жыргалбек Турускулов, Канат Исаев, Алмазбек Токторов, Алтынбек Жунус уулу, Бактыбек Турусбеков, Каныбек Иманалиев кирген.

Бөлүшүү