Жээнбаева мугалимдерге «тил эмизгиси» келеби?

Автор -

Президент Сооронбай Жээнбеков финансы министри Бактыгүл Жээнбаеваны кабыл алды. Министр ѳлкѳ башчыга мамлекеттик финансыларды башкаруу жаатындагы абал тууралуу маалымат берди.

Анда министр: «2019-жыл ичинде орто мектептердин мугалимдерине айлык акысын жогорулатуу пландалып жатат» — деп билдирди.

Ошол эле кезде, республикалык бюджетке салыктык жана бажылык жыйымдар боюнча артка калуулар байкалып жатканын кошумчалады. Ошондо бул жагы «мугалимдерди айлык кѳтѳрүлѳт деп тил эмизип туралы» дегендей эле болду. Ырасында, 10 миң пенсия, 26 миң айлык түшкѳ кирбей калды окшойт.

Булак: «Фабула» гезити. 28-июнь, 2019-жыл.