Жээнбеков кимге ишенип жатат?

Автор -
313

Байлык менен бийлик азгырык. Бул азгырык Библияда да жазылган. Саткынчылык жѳнүндѳ карт тарыхта да кѳп мисалдар бар. Кезинде Аксак Темирдин чѳбүрѳсү кайран султан Бабур бабасынын түзгѳн мамлекетинин «чачылганын жыйнайм, үзүлгѳнүн улайм» деп аттанып чыкса, ѳзүнүн эле жакын туугандары ѳзбектер менен Чыңгыз хандын урпагы Шебани ханга сатылышып, алар менен бирдикте Бабурду Самаркандан кууп таштаган.

Ошол эле доордо Арал деңизинин жээгинде жашашкан кыпчактардын балдары кулчулукка сатылып, оболу Сирия, андан ары Египетте топтолушуп, эр жеткенде кѳтѳрүлүш чыгарышып, арасынан Бейбарсты ошол ѳлкѳгѳ султан кылып кѳтѳрүшсѳ, кулчулукка бирге сатылып, оор, азаптуу күндѳрдѳ бирге күрѳшкѳн Барат аттуусу кийин Бейбарска ичи тарланып, аны тактан кулатууну кѳздѳгѳндѳрдүн бири болгон.

Ушинтип, эки жүздүүлѳр сатылып да, душмандык кыла беришет. Сатылбай турган, эки жүздүү боло aлбаган  бул-эл! Мүмкүн, азыр С. Жээнбеков да ѳзү же тегерегиндегилер күч органдарына таянып жүргѳн чыгаар? Бул кадам да ѳтѳ опурталдуу. Бул аракет от менен ойногонго барабар.

Президент мындай ойдон алыс болушун каалар элек. Эгер, ал бир тараптуу гана аракет жасабай, чындап коррупцияга согуш ачканга ниет койсо буга каршы беттешээр күчтѳрдүн жолун тосуп, бууп салуу үчүн кѳзүндѳ сѳѳлү, тилинде мѳѳрү, кабагында сүрү бар жана да ушул сапаттары менен элди ийите турган адамдарды жанына топтошу керек деп ойлойм…

Булак: «Айгай» гезити. 28-июнь, 2019-жыл.