Курман айт майрамы 10- 11-августта белгиленери болжолдонууда. Бул тууралуу мусулмандар дин башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, айт 10-августта же болбосо 11-августта белгиленмекчи. Курман айтты майрамдоонун так датасы 6-августтан кийин белгилүү болмокчу.
Курман айт орозо аяктагандан кийин 70 күндөн кийин белгиленет.
Быйыл Орозо айы 4-июнда аяктады.