Курман айт майрамынын так датасы айтылды

Автор -
404

Курман айт майрамы 11-августта белгиленет. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-август  Зул Хижжа айынын биринчи күнү болгондуктан кыргызстандыктар улуу Курман айт майрамын 11-августта белгилешет.

Ал эми 10-август арапа күнү болуп, ажылык милдеттерин өтөп жүрүшкөн мекендештерибиз  бул күнү  ыйык Мекке шаарындагы Арафат өрөөндө  болушмакчы.

Курман айт орозо аяктагандан кийин 70 күндөн кийин белгиленет.

Быйыл Орозо айы 4-июнда аяктады.

 

Бөлүшүү