Кыргызстанда адамдарды ири суммага алдап кеткен айым Москвадан кармалды

Автор -

КР ИИМнин Россиядагы өкүлчүлүгүнүн катышуусу менен Кыргызстанда адамдарды ири суммага алдап кеткендиги үчүн изделген айым Москва шаарынан кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ири суммадагы алдамчылык үчүн 1976-ж.т. Д.А., аттуу Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну изделип келген.

“Айым 2012-жылдан 2014-жылга чейин жарандардын ишенимине кирип, бизнес ачуу тууралуу убада берип, алардын акчасын, унаасын алып качып кетип жүргөн. Бир эле жаранга келтирилген чыгым 5 млн. 150 миң сомдү түзгөн. Бул каражаттар бүгүнкү күнгө чейин кайтарылган эмес”
деп айтылат маалыматта.

Учурда кармалган жаранды Кыргызстанга алып келип, жоопкерчиликке тартуу маселеси каралууда.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү