4-июлга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -

4-июлда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде, Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу райондордо мөндүр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн: 12….17… күндүз: 28… 33 °C;

Талас облусунда  түнкүсүн: 10….15….күндүз: 27…..32°C;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн: 13…18….күндүз: 28……33°C;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн: 11…..16….күндүз: 20……25°C;

Нарын облусунда түнкүсүн: 8….13…..күндүз: 20….25°C;

4-июлда Бишкекте күндүз жаан-чачын күтүлбөйт, түнкүсүн жаан жаайт. Түнкүсүн күн ачык болот. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы күндүз 31……33°C, түнкүсүн 15….17°C.

Бөлүшүү