Абылгазиев Бишкектин борборунда Нигериянын жаранын сабаган күнөөлүүнү табууну тапшырды

Автор -

Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге Бишкек шаарынын борборунда Нигерия жаранын сабаган күнөөлүүнү кыска мөөнөттө табууну тапшырды.

Өкмөт башчысынын тапшырмасы боюнча шашылыш түрдө чуулуу окуяга тиешеси бар күнөөлүүнү тез арада кармоого оперативдүү иш-чараларды жүргүзүп  жана мыйзам жоопкерчилигине тартууга тийиш.

Ошол эле учурда Мухаммедкалый Абылгазиев туристтик сезондун башталышында  коомдук жайларда тартипти, коопсуздукту камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин бардык бөлүмдөрүнүн, анын ичинде туристтик милициянын иштерин күчтөндүрүүнү тапшырган.

Мындан сырткары, жабыр тарткан Нигерия жаранын ден соолугун өзгөчө көзөмөлгө алып, медициналык жардам көрсөтүүнү Кыргыз Республикасынын Саламааттык сактоо министрлигине буйруду.

Белгилей кетсек, 2-июль күнү саат 16:30дар чамасында «Айчүрөк» соода борборунун жанында чет элдик жаран сабалган видео тараган.

«Айчүрөк» соода борборунун жанында чет элдик жаран сабалды (Видео)

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү