Атамбаев: Сооронбай, от менен ойноп атасың. Аягы жаман бүтөт

Автор -
393

Кечээ, 3-июлда «Медиа Форумдун» алдында «Соке болбой калды» аталышындагы тынчтык митинги болду. Анда экс-президент Алмазбек Атамбаев сөз сүйлөдү.  Бул тууралуу april.kg маалымат агенттиги жазып чыкты.

Текстти келтиребиз:

«Мени коргоштун чын эле кереги жок, кол тийбестикти ала берсин. Бирок, азыр бизде Мээрбекке окшогон (Мискенбаев- ред.) кордук көрүп жаткан жаш балдар абдан көп болуп кетти. Азыр эле уктум, Темирлан Султанбеков (КСДП Саясий кеңешинин мүчөсү -ред.) деген 21 жаштагы Москвада окуган студентибизге Кыргызстандан чыккканга тыюу салыптыр. Мээрбекке окшогон жылаңач баатырлардын бир тобуна коррупционер деп, Дамир Мусакеев түрмөдө отурат көрүп жатасыңар. Кыргызстанда 2 революция болгон. Революцияга элди бийлик алып барат. Бийликтин көзүн чел басканда, элди ушунтип кордоп баштайт. Аягында эл чыдабай көтөрүлөт. Алар үчүн да [бийлик] жаман болот —качат, бирок Кыргызстан үчүн, эл үчүн да кыйыныраак болот.  Анткени, билесиңер, 2010-жылы деле тиги берендер жөн качпай, Түштүк Кыргыз республикасын түзөбүз деп, өлкөнү экиге бөлүп кете жаздашкан. Азыр да ошондой оюндарды угуп жатам. Парламентте «Атамбаев элди экиге бөлүп жатат» деп сүйлөп жатат. Мен бул дүйнөдө эчтекеден коркпойм, Кудайга шүгүр. Сентябрда буюрса 63кө чыгам. Эч кандай арманым жок. Тескерисинче, элиме абдан ыраазымын. Анткени, элдин ушундай келип атканын, колдоп атканын көрүп туруп, менде эмне арман? Кудайга шүгүр.

Мен деле Мээрбек инимдей, же андан да бекем сүйлөй алам. Бирок, кыргызда «Сабырдын түбү — сары алтын» деген жакшы макал бар. Кеп, Атамбаевдин тагдырында эмес. Мага кол тийбестигин алабы, эмне кылат, мени колдогон Кудайым бар, элим бар, мен эчтекеден коркпойм. Бирок жаш балдарды куугунтукка бербесек.

Сооронбай Жээнбековго айтаар элем — От менен ойногон жаман бүтөт. Ушул жерден деле мага канча курч балдар келип айтып атат, «байке, тигил жакка баралы, жетелеп барбайсызбы?» деп. Мен токтотуп жатам. Бирок, бир күнү эл кетсе, эл деген сел болот. Арты жаман бүтөт. Мүмкүн Кыргызстан бөлүнүп кетет. Ушуну көрбөгөн бийликтин көзү — такыр сокур. Ушуну эстеп, сабыр кылып, бийликке талаптарды коюш керек.

Биринчиден,азыркы парламент тараш керек. Роза Отунбаева макала жазыптыр «Атамбаев парламенттин аброюн кетирип атат» деп. Ар бир адам өз аброюн өзү кетирет. Парламент деле бирөөсү легендарлуу болуп эсте калды, бирөөсү мына «чимкирик» атка конду.

Албетте, азыркы өкмөт да кетиш керек. Мен Мукан Абылгазиевди жакшы көрөм, бирок Сооронбай Жээнбеков экөөнүн колунан эчтеке келбейт. Жок дегенде өкмөттү кетирип, эл ишенген өкмөт түзүп, Сапар Исаковго окшогон жаштарды алып барса, ошондо Кыргызстан өнүгөт.  Мен Сооронбайдын өзүнө да айткам, «Биз керек болсо, чөнтөктөгү телефонду колдонгонду жакшы билбейбиз, орунду жаштарга берели» деп. Жолду жаштарга бериш керек!

Кээ бирөө «Атамбаев бийликке барыш үчүн элди топтоп жатат» деп жатышат. Мага эч кандай бийликтин кереги жок. Менимче, бул бийлик өзү деле көп отурбайт. Мынтип отурса, күздөн ашпайт. Бирок бул бийлик кетсе да, Атамбаев бийликке барбайт. Анткени, мен айланамдагы адамдарга ишенип алат экем. Андан көрө мен Кой-Ташта жатып алып, бийликти, өкмөттү, президентти сындап, Мээрбекке, Мирбекке окшогон жаш жигиттерди өстүрүшүм керек, менин парзым ошол. «Элитабыз» деген чимкирик Рыспаевдин ордуна жаңы лидерлер, таза адамдар келиш керек.

Урматтуу менин бир туугандарым, кыргыз элим! Мага УКМК көп нерсени жеткирчү эмес. Мен дагы азыр ойлоп атам, азыр деле Сооронбай Жээнбековго УКМК ушактарды жеткирип атат. Анан такыр эле күнөөсү жок балдарды камап атат. Ошол эле учурда Кыргызстанды ким башкарып жатат? Матраимов, Жээнбековдордун кланы. Эртели-кеч бул күндөр өтөт. Атамбаевдин ак экенин кудай буюрса, көрөсүздөр. УКМКнын азыркы чоңдорунун баары кетиш керек тез арада. Президенттин эң биринчи милдети -элдин биримдиги. Ал эмнени күтүп атат? Ушул жердеги 4-5 миң киши эмне кыла алат деп ойлоп атат го. Мындай сөздөр, пикирлер бүт Кыргызстан боюнча бар, ар бир облуста азыр ушундай дух бар. Мунун аягы жаман бүтөт. Татынакай стабилдүү Кыргызстанды колго алып туруп эми жайлап атканын көрүп туруп кейийсиң. Эгерде мени келечекте кыргыз эли соттойм десе, Сооронбай Жээнбековду бийликке алып келгеним үчүн соттош керек, ага макулмун. Бирок коркутуу менен эч качан көпкө тура албайт. Өлкөдө өнүгүү болуш керек. Бажыдан түшкөн салыктар азайып жатат, мүмкүн ачык эле уурдап жатат, мүмкүн, ал жактагылар качабыз деп жатышабы, ким билет, бирок коррупция бар.

Бирок, сабыр этиш керек. Мени аксакал катары, Атамбаев катары сыйласаңар, баарынан артыгы — элдин ынтымагы, тынччылыгы. Сабырдуулукту аягына чейин жоготпойлу. Мени кайтарыштын кереги жок деп айткам. Кудай коргойт. Мени коргобой, жөн эле иш козголгон жаштарды коргогула. Сооронбай Жээнбеков жоопкерчилигин сезиш керек. От менен ойносо, жоопкерчилик толугу менен Сооронбай Жээнбековдун мойнунда болот.

Азыр бийликке  2-3 талап коюш керек:
1. Парламент тарасын. мөөнөтүнөн мурда шайлоо болсун!
2. Өкмөт отставкага кетип, элдик өкмөт шайлансын. Өздөрү каалаганын койбой, эл көрсөтсүн. Түрмөдө аппак, күнөөсү жок Сапар Исаков деген жигитибиз отурат, ошондой кыйын жаштар келсин.
3. Эч кандай күнөөсү жок балдарды камап аткан прокуратура, УКМК жетекчилери жоопкерчиликке тартылсын.

Сооронбай, от менен ойноп атасың, кыргыз элин бөлгөнү турасың. Аягы жаман бүтөт. Тегерегиңди тазалагын!

Мен үчүн коркпогула, жаш балдар үчүн корколу. Жерибизге береке берсин. Жашасын Кыргызстаным!»

Бөлүшүү