Нигериялык жаранды сабаган 22 жаштагы шектүү кармалды (фото)

Автор -

Бишкек шаардык милициясы «Айчүрөк» соода борбору тарапта нигериялык жаранды сабаган шектүүнү кармашты. Бул тууралуу Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Ушул жылдын 2-июль күнү болжол менен саат 17:30 чамасында «Айчүрөк» соода борборунун жанында Нигериянын тургуну 1985-жылы туулган Т.А. сабалган.

Аталган факты ички иштер министринин көзөмөлүндө болуп, кылмыштын бетин ачуу үчүн зарыл болгон тиешелүү чаралар көрүлдү.

Ал азыркы учурда жабырлануучу Республикалык Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Аталган факты КЖБРге катталып, Бишкек шаарынын Свердлов РИИБи тарабынан Кыргыз Республикасынын 138-беренесинин 1-бөлүмү (Ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча сотко чейинки иликтөөлөрүн жүргүзүп жатат.

Кечээ, Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн издөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ысык-Көл облусунун 1997-жылы туулган К.Э. аттуу тургуну кармалды. Шектүү Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодекстин 98-беренесине ылайык Бишкек ШИИББдин Убактылуу кармоочу жайына камалды.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү