Президент Баткен шаарынын жашоочулары менен жолугушууда

Автор -

Сооронбай Жээнбеков Баткен облусуна бир күндүк иш сапарынын алкагында бүгүн, 4-июлда Баткен районунун жана Баткен шаарынын жашоочулары менен жолугушууда.

Мамлекет башчысы Баткен жергесинин көйгөйлөрүн башкаларга караганда жакшы билерин айтып, миграция, жумуш орундары менен камсыз кылуу, чек араны бекемдөө, калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу проблемаларын чечүү өз ишмердигинин артыкчылыктуу багыттары жана мамлекеттин негизги милдети экенин баса белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков региондорду өнүктүрүү, өлкөнүн экспорттук дараметин жогорулатуу, ирригацияны өнүктүрүү, таза суу менен камсыз кылуу, стратегиялык инфраструктуралык обьектилерди куруу, ипотекалык насыялоо, энергетика чөйрөсүндөгү долбоорлор, саламаттык сактоо, билим берүү, спорт тармактарындагы Мамлекеттик программаларды ишке ашыруу боюнча мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу баткендиктерге айтып берди.

Мамлекет башчысы жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформага, анын милдеттерине жана негизги багыттарына, коррупция менен системдүү күрөшүүнүн жүрүшүнө кеңири токтолду, өлкөнүн тышкы саясаттагы багыты тууралуу айтып берди.

Ал ошондой эле өлкөнү санариптештирүү, мамлекеттик кызматтарды автоматташтыруу боюнча көрүлүп жаткан чараларды өзгөчө белгиледи.

Мындан тышкары, Президент Сооронбай Жээнбеков Баткен облусун өнүктүрүү боюнча иштерге — чек араны бекемдөө, жолдорду, ирригациялык обьектилерди куруу ж.б маселелерге токтолду.

Андан ары жолугушуу суроо-жооп форматында уланды.

Бөлүшүү