Аттестаттагы каталар боюнча текшерүү иштери башталды

Автор -

Экономикалык кылмыш менен күрөшүү кызматы мектептин быйылкы бүтүрүүчүлөрүнүн аттестатындагы каталар боюнча текшерүү баштады. Бул тууралуу аталган  мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык,  Кылмыш кодексинин «Коммерциялык жана башка уюмдардын кызматына кыянаттыгы» айыбы менен сотко чейинки териштирүү башталды.

Экономикалык кылмыш менен күрөшүү кызматы 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө берилген 95 миң аттестатта ката табылганын белгилейт. Анда «жөнүндөгү»деген сөздөгү «Н» тамгасынын ордуна «ӊ» тамгасы жазылган.

Андан тышкары, Нарын облусунун Туз айылындагы мектептин бүтүрүүчүлөрүнүн аттестатында «реднюю» сөзү кайталанып жазылып калгандыгы боюнча дагы текшерүү жүрөт.

Нарында катасы менен берилген аттестат тууралууү министрлик жооп берди

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү