Ысык-Атада 35 жаштагы аял изделүүдө (фото)

Автор -

Ысык-Ата районунда дайынсыз жоголгон 1984-жылкы Венера Короткова изделип жатат. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык,  Короткова 29-июнда үйүнөн чыгып кайра кайтып келген эмес.

Өзгөчө белгилери: бою 155-160 сантиметр, чачы кара, арык-чырай. Үстүнө кызыл түстөгү көйнөк, көк джинсы кийип, колуна күлгүн түстөгү сумка көтөрүп жүргөн.

Аны көргөн-билгендер болсо Ысык-Ата райондук милициясына 0(312) 61-69-07, 0(701) 61-69-07, 0 (501) 10-00-51 номерлери аркылуу билдирип же 102ге чалышса болот.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү