Ысык-Көл: Лагерде 2 кишини өлтүрүп, ал жакта иштеген аялды барымтага алган шектүү изделүүдө

Автор -
340

Ысык-Көл облусундагы «Хан-Теңири» лагеринде бир кишини атып, экинчисин бычак менен сайып өлтүрүп, ал жакта иштеген аялды барымтага алган бойдон из жашырып кеткен шектүү изделүүдө. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Ысык-Көл ОИИБдин жана Ак-Суу РИИБдин тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барышып, териштирүү учурунда “Хан-Теӊири” лагеринде кароолчу болуп иштеген Түп айылынын 29 жаштагы тургуну Сергей Смирнов “Вепрь” үлгүсүндөгү ок атуучу курал менен ашканага кирип, “Хан-Теңири” лагердин башчысынын орун басары 48 жаштагы А. Дны төшүнө жана ошол эле жерден ар кандай жумушта иштеген Каракол шаарынын 31 жаштагы тургуну М. Кны ич тарапка аткандыгы аныкталган.

Ошондой эле, окуя болгон учурда ашканада тамактанып отурган жылкычы Түп районунун Тасма айылынын 33 жаштагы тургуну И. У. аттуу жаран Сергейди кармоо аракетин көргөн учурда, анын колун бычак менен кесип жибергенде, ал качып кеткендиги белгилүү болгон.

Натыйжада алган жаракатынан А.Д. окуя болгон жерден каза болуп калган, ал эми М.К. чек ара заставасына медициналык жардам көрсөтүү үчүн алып бара жаткан учурда жолдон каза болгон.

Окуя боюнча жүргүзүлгөн териштирүү учурунда Сергей Смирнов адамдарды атып өлтүргөндөн кийин, ошол жерде жайгашкан чумага каршы мекемесинде иштеген, Каракол шаарынын 48 жаштагы тургуну Л. И. атууну барымтага алып, окуя болгон жерден качып кеткендиги аныкталган.

Аталган факты Ак-Суу РИИБдин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-берене (Киши өлтүрүү) менен сотко чейинки ѳндүрүш иши башталды.

Азыркы учурда милиция жана чек ара кызматынын кызматкерлери кылмышка шектүү Смирнов Сергейди кармоо жана Л.И. аттууну барымтадан бошотуу максатында атайын ыкчам иш-чараларды жүргүзүүдѳ. Кылмыш турмуштук жагдайлардан улам чыккандыгы аныкталган.

Окуя болгон жерге Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов барып, кылмышкерди ыкчам-издөө жана кармоо иш-чараларына жетекчилик кылууда.

Бөлүшүү