Ош: Матрезервдеги жемкорлук боюнча иш сотко өттү

Автор -

Ош шаарында мобилизация муктаждыктарына бөлүнгөн мүлктүн туура эмес коротулушу боюнча сотко чейинки өндүрүш аяктап, иш сотко өттү. Бул тууралуу бүгүн «Азаттыкка» Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, өкмөткө караштуу Мамлекеттик материалдык резерв фондунун Түштүк башкармалыгында 5 миллион сомдук мүлк жетишсиз экени аныкталган.

Быйыл апрель айында башкармалыктын кампа башчысы кылмышка шектүү катары кармалып, Ош шаарындагы №5 тергөө абагына отургузулган.

Финполдун басма сөз катчысы Анастасия Пискурдун айтымында, июнь айында ал үй камагына чыгарылган.

Ыкчам тергөө аракеттеринин натыйжасында Финансы полициясынын депозиттик эсебине 700 миң сом кайтарылды. Мындан тышкары бул адамдын мүлкүнө 4 миллион 800 миң сомго камак салынды, — деди ал.

Кампа башчысынан тышкары мекеменин дагы эки кызматкерине айып коюлган.

Кылмышка шектүүлөр же алардын жактоочулары азырынча коюлган айыптар тууралуу комментарий бере элек. (RK)