Финпол: Матраимовдун мүлкү текшерилип бүтө элек, абдан көп материал талданууда

Автор -

Райымбек Матраимовдун мүлкүн текшерүү иши азырынча аяктай элек. Бул тууралуу бүгүн «Азаттык» радиосуна Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финполиция) кабарлады.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, «абдан көп документтер талданып жатат».

Финполициянын башчысы Бакир Таиров 18-июнда «Азаттык» радиосунун суроолоруна жооп берип жатып «ушул жумада жыйынтыгын чыгарабыз» деп билдирген.

Кыргызстандын Мамллекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов 2017-жылы иштен бошотулган. Бирок кийин бул үчүн өкмөттү сотко берип, утуп алган.

2018-жылдын декабрында жыл жыйынтыгын чыгарган басма сөз жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков «Азаттыктын» иликтөөсүндөгү Матраимов жана анын байлыгы тууралуу фактылар териштирилерине убада берген.

Финполициядагы топ февраль айынын бери иштеп жатат.

Быйыл 29-майда «Азаттык» радиосу «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» деген көрсөтүүсүндө Матраимовдун жакындарына катталган мүлк тууралуу сөз кылган. (RK)

Бөлүшүү