Өлкөдө коррупцияга каршы күрөш жүргөн жок. Аны саясий оппоненттерге каршы пайдалануу саясаты жүрүүдө. Ага мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тегерегиндеги адамдардын камалышы далил боло алат.Мындай пикирин саясатчы Равшан Жээнбеков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.Анын айтымында, бир да президент коррупция менен реалдуу күрөш жүргүзгөн эмес. Азыркы өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков да паракорчулукка каршы тандалма, жасалма күрөш жүргүзүп жатат. «Европа Кеңеши КРда коррупция тандалма жүрүп жатканын айтып, туура жолго салууну эскертти.Өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун өзүнө жакпагандарды коррупцияга күнөөлөп камоосу тандалма болуп калат.Мамлекетте системалык жана түзүмдүк реформа болуп, бардык органдарга легитимдүүлүк алып келиши керек. Сөз эркиндиги пайда болуп, жарандык коом активдешет. Ошондо коом ким коррупционер экенин өзү аныктайт. Ал эми азыр бийлик тандайт да, коомго ар түрдүү жол менен жамандайт», — дейт Жээнбеков.
КЫРГЫЗСТАНДА ЖАНА ДҮЙНӨДӨ КЛИМАТТЫН ӨЗГӨРҮШҮ БОЮНЧА БОЖОМОЛДОР КАНДАЙ
29-ноя. 2021, дүйшөмбү
Улуттук банк чуусу: Фроловдун бийлик менен байланышы
01-окт. 2021, жума
Депутат Самат Ибраевдин баласы компанияларга 500 миллион сомдон ашык карыз
01-окт. 2021, жума
Эльдар Абакиров: Фроловду Кыргызстандын Улуттук банкына жолотпош керек
30-Sep 2021, бейшемби
Сания Токтогазиева Telegram каналына чабуул болгонун жазды
30-Sep 2021, бейшемби
Кыргызстан мусулмандарын ким радикал кылып жатат?
26-фев. 2021, жума
Таласта уулун куткарам деген апа өзү кошо көлмөгө чөгүп кетти
15-фев. 2021, дүйшөмбү
Экс-муфтий элге кайрылуу жасады (видео)
15-фев. 2021, дүйшөмбү