Равшан Жээнбековдун иши боюнча тергөө аяктады

Автор -

Кой-Таш окуясына айыпталып жаткан Равшан Жээнбековдун иши боюнча тергөө аяктады. Учурда тараптар тергөө материалдары менен таанышууда, деп жазат «Азаттык».

Жээнбековдун адвокаты Замир Жоошевдин маалыматы боюнча, бүгүн, 28-январда Равшан Жээнбековдун камалышына байланыштуу анын тарапкерлери жана жарандык активисттер маалымат жыйынын өткөрүшөт. Алар саясатчынын ак жерден айыпка жыгылып, саясий куугунтукка кабылды деп эсептеп келишет.

Равшан Жээнбековду 12-декабрда Ички иштер министрлиги (ИИМ) кармаган. Ага Жазык кодексинин 244-беренеси («Барымтага алуу») жана 264-беренеси («Массалык башаламандык уюштуруу») боюнча айып коюлган. 14-декабрда буга дагы бир берене 309-берене («Бийликти күч менен басып алуу») кошулганы кабарланды.

Ал 7-8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо маалында Кой-Таш айылында болгону үчүн буга чейин да ИИМге суракка чакыртылган. Жээнбековдун тарапкерлери ал Кой-Ташта мыйзам бузбай, арачы болуп жүргөнүн белгилеп жатышат.

26-декабрда Бишкек шаардык соту Жээнбековду 9-февралга чейин камакта калтырган. Ал азыр №1 тергөө абагында камалып турат.

Бөлүшүү