Үй-бүлө күнү – баарлашууга мүмкүнчүлүк

Автор -
576

Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен жигердүү өз ара аракеттенүү, аларга жеткиликтүү жана сапаттуу билим алууга жана жалпы билим берүү чөйрөсүндө ылайыкташууга өбөгө түзөт. оомдо бир тараптуу шарттарга көнүп жардам берүү. Борбордук Азиядагы Евразия Фонду «Сорос-Кыргызстан» Фондунун каржылык колдоосу менен, өлкөдө инклюзивдик билим берүүнү колдоо боюнча долбоорду Чүй облусунун, Нарын жана Ош шаарларынын ресурстук борборлорунда үй-бүлө күндөрүн уюштуруу аркылуу жигердүү ишке ашырып жатат.

Бул жылы Аламүдүн районундагы №1-гимназия орто мектебинин инклюзивдик билим берүү боюнча ресурстук борборундагы Үй-бүлө күнү “Апам, атам жана Мен-сергек жашоо биз менен!”деген ураан астында өттү.

Майрам күнү үй-бүлөлүк командалар биримдигин көрсөтүштү. Ата-энелер менен балдар кызыл жана ак болуп, эки топко биригишти. Балдар командалардын жетекчилери болушту, ал эми ата-энелер өз балдары менен бирге конкурска катышышты. Конкурстар жалындуу жана кызыктуу өттү. Майрам программасында тамашалар, табышмактар  болду. Ата-энелер балдар менен чогуу спорттук мелдештерге катышты: «жашылча» жыйнап, олтургузушту, аркан тартып, обруч аркылуу секиришти, ж.б. Ата-энелердин айтымында, алар өзүлөрүнүн балалыгын эстеп, команда мүчөлөрү катары сезишти. Бардык катышуучулар  дипломдор менен сыйланышты.

Ийкемдүү дене тарбия мугалими Айнура К. ар түрдүү көнүгүүлөр  аркылуу, балдардын өз күчтүү жактарын табууга жардам берди, ата-эне менен балдар чыныгы бир команда болуп лидерлик сапаттарын көрсөтүшүнө шарт түздү.

«Менин балдар  менен ишим, баланын абалы, мүмкүнчүлүктөр жана кызыкчылыктарына жараша, ар бир бала үчүн Ийкемдүү дене тарбия боюнча жекече программасына негизделген, — деп белгиледи Айнура К., -Ал эми бүгүнкү иш-чара бир гана физикалык өнүктүрүүгө эмес, ата-эненин өз баласына эмпатияны калыптандырууга багытталган, — деди. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдардын энелери үчүн, мындай иш-чаралар жабык мейкиндиктен чыгууга мүмкүндүк берет, себеби балдардын ден соолугу, жана башка жагдайларга байланыштуу, алардын кызыгуу жана байланыш чөйрөсү чектелген. Мен өзүм церебралдык шал оорусу бар баланы тарбиялайм, ошондуктан бул жагдайды жакшы билем. Биздин ресурстук борбордун балдары динамикалык режимде — бул окутуу жана спорт. Өнүгүүсүндө бузулуулар бар бала үчүн тактык, туруктуулук жана жалпы шайкеш абал маанилүү болуп саналат. Ошондуктан, бүт үй-бүлө үчүн, сергек жашоо жана туура жашоо түшүнүгүн калыптандыруу зарыл. »

Ресурстук борбору тарабынан уюштурулган бардык иш-чараларга ыктыярчылар жигердүү катышып, мугалимдерге жана балдарга жардам беришет. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин студенттери өзгөчө муктаждыктары бар балдар менен иштөө боюнча чоң тажрыйба алышып, университетте алган билимдерин жана көндүмдөрүн бышыктоого мүмкүнчүлүк алышты.

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин 3-курсунун студенти ыктыярчы Амина:- «Бул абдан кызыктуу, ошону менен бирге татаал болду! Мен балдарга ишенүүгө  үйрөндүм. Баарын билген чоң кишинин  абалынан чыгуу күтүүсүз, бирок татыктуу болду да! «-, деп оюн бөлүштү

«Өзгөчө» баланын апасы Азаткуль да, Үй-бүлө күнү сыяктуу иш-чаралар абдан маанилүү деп эсептейт. «Биз көп убакытты ооруканаларга, реабилитацияга жумшап жатабыз. Чоң адамдар дагы өздөрүнө бекинип, кайгыга түшүп, депрессияга туш болушат. Мындай иш-чараларда эмоционалдык жактан эс алып да, пайдалуу маалыматтарга ээ болуп, бир оң заряды алууга шарт тузүлөт-, дейт. — Спорттук оюн абдан жакты, кийинки жолу, жубайымды дагы үй-бүлө күнүнө чакырам».

Борбордук Азиядагы Евразия Фонду уюштурган иш-чаралар, ар дайым ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды өнүктүрүүдө жогорку натыйжаларга ээ болгон чет өлкөлүк өнөктөштөрдүн тажрыйбасын эске алуу менен, инклюзивдик билим берүү тармагындагы жогорку квалификациялуу адистер тарабынан даярдалат.

“Үй-бүлө күнү” акыркы жылдары,  Лебединовка айылынын №1 -орто мектеби, Нарын шаарынын Арстанбек Буйлаш уулу атындагы №7-орто мектеби, Ош шаарынын А. Навои  атындагы №18-орто мектебинин инклюзивдик билим берүү боюнча пилоттук ресурстук борборлорунда «Кыргыз Республикасында мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга билим берүүдө инновациялык технологияларды киргизүү» долбоорунун алкагында «Сорос-Кыргызстан» Фондунун каржылык колдоосу менен, Борбордук Азиядагы Евразия фонду ишке ашырып жаткан долбоордун алкагында өткөрүлүп жүрөт. Биздин долбоордун катышуучулары ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жана кадимки өнүккөн балдар, ата-энелер, мугалимдер» -, деп баяндады Борбордук Азиядагы Евразия фондунун аткаруучу директору Надирбекова Анара.

«Биз мүмкүнчүлүктөрү ар түрдүү балдар үчүн бирдиктүү билим берүү чөйрөсүн түзүүгө аракет кылып жатабыз. Азыркы ата-эне  үчүн: бала кандай мектепке барыш керек, мектептен ал эмнени үйрөнүш керек, классташтары менен мамиле түзүүдөгү көйгөйлөрдү кантип чечүү керек, балдарды тарбиялоо боюнча компетенттүүлүгүн кантип жогорулатуу керек? сыяктуу суроолорго жооп алуу негизги муктаждык болуп саналат. Инклюзивдик иш-чараларга катышуу аркылуу ата-энелер бул суроолорго жооп таба алышат. Үй-бүлө күнү сыяктуу окуялар, ата-энелер ортосунда бир коомчулуктун тургундары катары, эки тараптуу камкордуктун түптөлүшүнө салым кошот деп үмүттөнөбүз» –, деп өз оюн жыйынтыктады Анара Надирбекова.