Ысык-Көлдө 53 жаштагы Казакстандын жараны жоголду

Автор -

Ысык-Көлдө 53 жаштагы Казакстандын жараны жоголду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 14-июль күнү Кара-Ой айылынын Кара-Көл эс алуучу жайында эс алып жүргөн Казакстандын жараны 1966-ж.т. М.А. аттуу эркек адам скутер айдап кетип дайынсыз жоголгон.

15-июль издөө иштерин жүргүзүү үчүн КР ӨКМнен жалпы 66 куткаруучу тартылып саат 19:20да издөө иш-чаралары убактылуу токтотулду. Натыйжа болгон жок.

16 июль күнү издөө иштери улантылат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү