Бишкекте айрым коомдук унаалардын каттамы өзгөрдү – карта

Автор -

Токтогул көчөсүнүн Исанов менен Үмөталиевге чейинки бөлүгүндө оңдоо иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу айрым коомдук унаалардын каттам жолу өзгөрөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, №222, 102, 195, 200, 110, 210 жана 266 каттамындагы коомдук унаалардын жол каттамы өзгөрөт:

— №222 каттамдагы унаа батыш багыты көздөй Киев көчөсү менен (Шопоковдон Жаш Гвардия бульварына чейин) каттайт;

— №102, 195 каттамдагы унаалар Москва көчөсү менен (Манас проспектисинен Үмөталиев көчөсүнө чейин) каттайт;

— №200 каттамдагы унаа Киев көчөсү менен эки багытта (Манас проспектисинен Бейшеналиева көчөсүнө чейин) жүрөт;

— №110, 210 каттамдагы унаалар батыш багыты боюнча Киев көчөсү менен жүрөт;

— №266 каттамдагы унаа батыш багыты боюнча Киев көчөсү менен (Манас проспектисинен Бейшеналиева көчөсүнө чейин) жүрөт.

Оңдоо иштери аяктагандан кийин коомдук унаалар мурдагыдай каттай баштайт.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү