Баткенде күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды

Автор -

Кечээ саат 16:45 те Баткен облусунун аймагында очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Жер титирөө Кадамжай районунун Айдаркен шаарында, Сары-Өтөк, Советский жана Кызыл-Коргон айылдарында — 5 балл, Баткен жана Кадамжай шаарларында, Кадамжай районунун Тескей, Кара-Шоро, Кыргыз-Кыштак, Баткен районунун Бужум, Боз-Адыр, Согмент, Кыштут, Самаркандек айылдарында – 4 балл, Кызыл-Кыя шаарында, Лейлек районунун Кара-Суу айылында. Баткен районунун Табылгы, Сары-Талаа айылдарында, Ош облусунун Ноокат районунун Найман, Борбаш, Жаны-Ноокат айылдарында – 3 балл жана Ош шаарында, Ноокат районунун Ноокат, Жапалак айылдарында – 2 баллга чейин сезилген.

Такталган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Бөлүшүү