Милиция кызматкерлери ири уурулукка шектелген жаранды кармашты

Автор -

Милиция кызматкерлери ири уурулукка шектелген жаранды кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

21-июнь күнү маалыматтык агенттиктердин биринде “Мечиттен жарандын мүлкүн уурдап кетишти. Милиция аракет көрбөй жатат” аттуу макала чыгып, ИИМдин ИИКтин Бишкек шаары боюнча ички иликтөө бөлүмү тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлдү. Кайрылууга төмөнкүлөр себеп болгон,

Ушул жылдын 12-апрель күнү төрт азият түспөлүндөгү белгисиз жигиттер «Тойота-Хайлендер» үлгүсүндөгү автоунаанын терезесин талкалашып, сумканы уурдап кетишкен. Сумканын ичинде 20 000 АКШ доллары жана 40 000 сому, ноутбугу, документтери болгон. Автоунаанын ээси “Жал” кичирайонундагы Манас университетинин аймагында жайгашкан мечитке жума намазын окуганы кирген.

Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин Тергөө кызматынын тактамасына ылайык аталган факты КЖБРге 2019-жылдын 12-апрель күнү катталган. Жазуу түрүндөгү арыз менен Бишкек шаарында жашаган Б.С. аттуу жаран кайрылган. Жабырлануучунун сөзү боюнча ошол күнү ал өзүнүн автоунаасын токтотуп коюп, мечитке намаз окуганы кирген. Бир нече убакыт өткөндөн кийин ал белгисиз адамдар автоунасынын терезесин талкалап ичинде ноутбук, документтер жана ири суммадагы акча каражаты бар сумкасын уурдап кеткендигин көргөн.

Кызматтык иликтөөнүн жүрүшүндө аталган кылмыш ишин иликтешкен милиция кызматкерлери тараптан кандайдыр бир иш-аракеттер болбогондугу аныкталган жок. Аталган ири уурулук фактысынын бетин ачууга багытталган бардык иш-чаралар көрүлгөн. Бишкек ШИИББдин КМКнын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө жогорудагы аталган кылмыш ишине тиешеси барлардын өздүгү такталды. Ошондой эле, шектүүлөрдүн Октябрь районунун аймагында жасалган кылмыш иштерине тиешеси бардыгы аныкталды.

Ири суммадагы акча каражатын уурдашкан шектүүлөрдүн бири 1994-жылы туулган А.А. аттуу жаран Бишкек ШИИББдин КМКнын ыкчам кызматкерлери тарабынан кармалды. Кармалган жаранды башында башка кылмыш ишин жасоого шектелип кармалган.

Азыркы учурда ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүүдө. Шектүү камакка алынды.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү