КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 16-июль күнү саат 15:36да Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Ак-Суу районунун Май-Саз айылында — 2,5 баллга чейин сезилген.
Такталган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.