Ысык-Көлдө жоголгон казакстандын жараны табылды

Автор -

Кара-Ой айылынын Алтын-Көл эс алуучу жайында эс алып жүргөн Казакстандын 1966-жылы туулган М.А. аттуу жараны табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жоголгон жаран кечээ болжол менен саат 22:00дө Алтын-Көл эс алуучу жайына өзү келген.

Учурда ИИМ кызматкерлери тарабынан териштирүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү