Көкөмерен дарыясына 55 жаштагы киши түшүп кетип, дайынсыз болууда

Автор -

Жумгал районунда 17-июль күнү Көкөмерен дарыясына 1964-жылы туулган  А.Т. аттуу эркек киши түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал эки күндөн бери табылбай жатат. 18-июль кунү издөө иштерин жүргүзүү үчүн жерине 25 куткаруучу тартылып, кеч киргендигине байланыштуу саат 19:00дө токтотулду, натыйжа болгон жок.

Бүгүн дагы издөө иштери улантылат.