Өзгөчө кырдаалдар министринин жардамчысы пара менен кармалды

Автор -
264

Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедовдун жардамчысы Нурбек Жолборсовду Аскер прокуратурасы ири өлчөмдөгү пара менен кармап, сот чечими аркылуу эки айга камады. Бул тууралуу «Азаттык» ишенимдүү булактарына таянып жазып чыкты.

Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова кылмышка шектүү Нурбек Жолборсов Бишкектеги №1 убактылуу кармоочу жайга 6-июлда киргизилгенин билдирди.

Болжолдуу маалыматтарда министрдин жардамчысынын жанынан уран иштетүү боюнча тендерге байланышкан 146 миң доллар табылганы айтылууда. Аскер прокуратурасы бул маалыматты бышыктай элек жана муну тергөөнүн кызыкчылыгына байланыштырып жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов жардамчысы Нурбек Жолборсовдун кармалгандыгынан кабарсыз экенин «Азаттыкка» айтты:
-Менин деле маалыматым жок, тактайын десем, маалыматым болбой жатат. Өзү 1-июлдан эмгек өргүүсүнө кеткен. Телефону өчүк. Расмий түрдө эч нерсе берише элек. Маалыматым жок.

Нурбек Жолборсов менен Нурболот Мирзахмедов Сузак районунун акими болуп турган жылдардан бери чогуу иштейт.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү