Кыргызгидромет борбору аба ырайы тууралуу шашылыш билдирүү таратты

Автор -
«26-июлдан 29-июлга чейин Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кургак аба ырайы күтүлөт, 27-29-июлдарда абанын күндүзгү температурасы Чүй өрөөнүндө 37-39°ка чейин Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө 38-40°ка чейин жогорулайт»
деп билдирди Кыргызгидромет борбору.

Ага ылайык, 25-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында жана Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

26-июлда Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 26-июлда күндүз жана 27 июлда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 26-июлда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

28-29-июлдарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с.

30-31-июлдарда тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, өрөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт.  Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

25-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

26-июлда түнкүсүн кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. 26-июлда күндүз жана 27-июлда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 26-июлда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

28-29-июлдарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Чолпон-Ата шаарында 

25-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 25-июлда күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. 26-29-июлдарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 25-26-июлдарда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Караколдо

25-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 25-июлда күндүз  жана 26-июлда түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. 26-июлда күндүз  жана27- 29-июлдарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

ЧҮЙ ОБЛУСУ Түнкүсүн Күндүз
Өрөөндөр 19…24 31…36
Кемин өрөөнү 10…15 27…32
Тоо этектери 15…20 28…33
Тоолуу аймактар 9…14 22…27
Суусамыр өрөөнү 3…8 22…27
Төө-Ашуу ашуусу 4…9 13…18
ТАЛАС ОБЛУСУ Түнкүсүн Күндүз
Өрөөндөр 13…18 30…35
БАТКЕН ОБЛУСУ Түнкүсүн Күндүз
Өрөөндөр 19…24 32…37
Тоо этектери 15…20 28…33
ОШ ЖАНА ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСТАРЫ Түнкүсүн Күндүз
Өрөөндөр 19…24 32…37
Тоо этектери 15…20 28…33
Токтогул ойдуңу 19…24 31…36
Чычкан капчыгайы 10…15 27…32
Чаткал өрөөнү 7…12 25…30
Алай өрөөнү 2…7 18…23
ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУ Түнкүсүн Күндүз
Дыйканчылык аймактары 13…18 23…28
Чоң-Ашуу ашуусу 3…8 15…20
Кумтөр капчыгайында -2…+3 10…15
НАРЫН ОБЛУСУ Түнкүсүн Күндүз
Дыйканчылык аймактары 9…14 25…30
Кара-Кужур өрөөнү 4…9 17…22
Түнкүсүн Күндүз
Ош 22…24 34…36
Бишкек 21…23 34…36

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү