Чек арадагы жаңжал: Ак-Сайдан коопсуз жайга чыгарылгандардын саны 600гө жетти

Автор -
251

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы чырдан улам Баткен районунун Ак-Сай айылынан коопсуз аймакка чыгарылгандардын саны 600гө жетти.

Алар Баткен шаарындагы кесиптик лицейдин, эки орто мектептин жана медресенин имаратына жайгаштырылууда. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

23-июлда Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков менен Тажикстандын вице-премьер-министри Азим Иброхим жолугуп, чек арадагы абал боюнча сүйлөшүү жүргүзүштү. Сүйлөшүү бүгүн, 24-июлда да уланат. Чек ара чырынан кийин жабылган Лейлек районуна кете турган Исфана-Баткен жолу азырынча ачыла элек.

Кыргыз тараптын маалыматына караганда, 22-июлда кечки 17:20 чамасында Ворух айылынын кире беришиндеги такталбаган жерге Тажикстандын желегин орнотуу учурунда эки тарап чырдаша кеткен. Ворух айылына чектеш Кыргызстандын Ак-Сай айылынын тургундары желек орнотууга каршы болгон.

Тажикстандын чек ара кызматы болсо, кыргыз жарандары «Ак-Сай айылы» деген жазууну орнотууга аракет кылганына ворухтуктар нааразы болуп, чыр ушундан улам чыкканын билдирүүдө.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, чек арадагы чырда 17 киши жабыркап, ооруканага жаткырылды. Алардын 14үнө ок жаңылса, үчөөнө таш тийген. Тажик тарап бир киши каза болгонун, дагы жети киши жараат алганын билдирип жатат.

Учурда эки тарап чырдын себептерин иликтеп, жаңжал уланып кетпеши үчүн алдын алуу иштерин жүргүзүп жатат.

Бөлүшүү