Кыргызстанда студенттер үчүн миграция боюнча тренингдер өткөрүлдү

Автор -

Чүй облусунан жана Бишкек шаарынан 40 мугалим, өспүрүмдөр менен иштөөдөгү дүйнөлүк психологиялык практика менен таанышууга уникалдуу мүмкүнчүлүк алышты.

Бул иш Эл аралык миграция уюмунун (МОМ),Норвегия Королдугунун тышкы иштер министрлиги тарабынан каржылануучу «Аймактык жана глобалдык шарттардын тегерегинде, адам сатууга каршы күрөштү күчөтүү жана Борбор Азиядагы аялуу мигранттарды коргоо» коргоо  долбоорунун алкагында, Борбордук Азиядагы Евразия фонду ишке ашырып жаткан «Адам сатуу көйгөйү боюнча кесиптик окуу жайларынын студенттери, мектеп окуучулары коомчулугунун маалымдуулугун жогорулатуу боюнча маалыматтык кампаниялар» долбоорунун жүрүшүндө аткарылды.

Тренингдердин биринчи сериясын КРнын ББжИМдин өкүлү Есентаева Зулайка ачты.

Программанын алкагында адам сатуунун алдын алуу, новатордук заманбап технологияларды колдонуу менен коопсуз миграцияны колдоо жана жогорку сапаттагы кесиптик багыт берүү кампанияларын уюштуруу сыяктуу үч актуалдуу тема каралды. Жалал-Абад, Ош жана Баткен областтарында  дагы 7 тренинг өткөрүлдү.

Иш-чаралар бир гана 88 пилоттук мектептердин окуучулары менен эле тыгыз кызматташууну эмес, ошондой эле бул ишке ата-энелерди жана мыйзамдуу асыроочуларды да ишке тартууну талап кылат. Тренингдердин жыйынтыгында 6211 окуучуга жеке кесиптик багыт карталары иштелип чыкты. Жогорудагы карта кесиптик өзүн-өзү обьективдүү аныктоо максатында иштелип чыккан. Кийинчерээк мугалимдер мектеп окуучулары менен бирге «Мигрант үчүн маалымдама» мобилдик колдонмосун терең изилдешет жана мигранттардын ар кандай маселелерин жана андай кырдаалдардан чыгуунун жолдору карап чыгышат.

Ошондой эле окуу жылдын ичинде бардык 88 мектепте окуучулар кызыктыруучу сыйлыктарды алган интерактивдүү өз ара иш-чаралар өткөрүлдү.

«Биз бардык каражаттар менен тааныштык жана кийинки иш чараларды окуучулар менен бирге пландап койдук. Жалпысынан алганда, иш чаранын өзүн сапаттуу уюштурдук. Мен биринчи жолу кесип тандоо ыкмасы боюнча тренингге  катыштым, дүйнөлүк психологиялык техникалар менен тааныштым» -, деп баяндады №2 Ново-Павловка мектебинин педагогу, А.Ч.

Бөлүшүү