Президент Шавкат Мирзиёевди туулган күнү менен куттуктады

Автор -

Бүгүн, 24-июлда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевди туулган күнү менен жылуу куттуктап, ага чың ден соолук, бакубаттык жана мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө, достукту жана ынак кошуналык мамилелерди бекемдөөгө кошкон олуттуу салымын белгиленди.

Мамлекеттер башчылары ошондой эле эки тараптуу кызматташтыктын абалын жана келечегин талкуулашты, өз ара аракеттешүүнүн бардык багыттары боюнча кыргыз-өзбек мамилелеринин ыкчам өнүгүп жаткандыгын белгилешти.

Бөлүшүү