Азербайжанда аскердик учак кулап түштү

Автор -

Азербайжанда машыгуу үчүн учкан «MiG-29» үлгүсүндөгү аскердик учак жерге кулап түштү. Бул тууралуу trt./kyrgyz жазып чыкты.

Азербайжандын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, Азербайжандын Аба күчтөрүнө караштуу учактын кечээ жергиликтүү убакыт боюнча саат 22.00де радардан жоголуп кеткендиги белгиленди.

Машыгуу учуусун ишке ашырып жаткан учактын Каспий деңизине түшүүсү мүмкүн экендиги, учактын пилоту үчүн издөө-куткаруу иштеринин баштатылгандыгы малымдалды.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү