Пакистанда аскердик учак үйлөрдүн үстүнө кулап түштү

Автор -

Пакистан Аба күчтөрүнө таандык машыктыруучу учактын Исламабадга жакын жерлерде үйлөрдүн үстүнө кулап түшүүсүнөн бешөө аскер жалпы 17 киши каза тапты.

Пакистан армиясынын билдирүүсүнө караганда, Пакистан Аба күчтөрүнө таандык аскердик учак, Исламабадга 30 километр жакын жердеги Мора-Калу аймагында кулап түштү.

Күнүмдүк машыгуу учурунда үйлөрдүн үстүнө кулап түшкөн учактын кырсыктан кийин өрттөнүп кеткендиги белгиленген билдирүүдө, чөйрөдөгү айрым үйлөрдүн да өрттөн зыян тарткандыгы маалымдалды.

Кырсыктан кийин Равалпинди шаарындагы аскердик куткаруучу топтор, ошондой эле 1122 Rescue тез жардам топтору менен өрт өчүрүүчүлөр окуя болгон жерде өчүрүү жана куткаруу иштерин башташты.

Кырсыкта 5и аскер, 12си жарандан турган 17 кишинин каза тапкандыгы белгиленди. Каза болгон аскерлердин экөөсүнүн подполковник экендиги маалымдалды.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү