Кыргыз-казак чек арасында бензанолду мыйзамсыз алып келе жаткан 3 унаа кармалды

Автор -

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан «Чоң-Капка автожолу» контролдук-өткөрмө пунктуна жакын жердеги транспорттук контролдоо жана товарларды эсепке алуунун убактылуу пунктунан бензанолду мыйзамсыз ташып кирүүгө бөгөт койду.

Атап айтканда, 81,8 тонна бензанол алып келе жаткан 3 унаа кармалган. Импорттоочуларда товарды алып келүүгө уруксат берүүчү бардык документтери жок болгон: салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкаты, коштомо кагазы.

Бузуу фактылары боюнча материалдар мыйзамга ылайык андан аркы иш-чараларды көрүү үчүн мобилдик топко (ЭККМК) берилди.

Бөлүшүү