Кыргыз-казак чек арасынан мыйзамсыз 180 баш ири мүйүздүү малды ташыган унаалар кармалды

Автор -

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан «Ак-Тилек автожолу» контролдук-өткөрмө пунктуна жакын жердеги транспорттук контролдоо жана товарларды эсепке алуунун убактылуу пунктунан ири мүйүздүү малдарды мыйзамсыз алып келе жаткандарга бөгөт койду. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Атап айтканда, 180 баш ири мүйүздүү малды ташыган машиналар кармалган. Импорттоочулардын салыктык каттоо жөнүндөгү салык органынын маалымкаты жана башка документтери болгон эмес.

Бузуу фактылары боюнча материалдар мыйзамга ылайык андан аркы иш-чараларды көрүү үчүн мобилдик топко (ЭККМК) берилди.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү