Кыргыз-тажик чек арасы: Жээнбеков менен Эмомали Рахмон жолугушат

Автор -

Сооронбай Жээнбеков 26-июлда Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу боюнча Исфара шаарына кыска мөөнөттүү жумушчу визит менен барат. Бул жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.

Ал мамлекеттер башчыларынын бул сүйлөшүүлөрү пландуу экенин, мындай жолугушуулар үзгүлтүксүз болуп турарын баса белгиледи.

Данияр Сыдыков сүйлөшүүлөрдө эки тараптуу кызматташтыктын олуттуу маселелери, анын ичинде чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо процесстери талкууланарын белгиледи. Ошондой эле чек ара боюндагы облустардын Кыргызстан жана Тажикстан элдеринин ортосундагы ынак кошуналык мамилелерди жана достукту бекемдөөгө багытталган кызматташтыгын өнүктүрүүгө басым жасалат.

Президенттик Аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков эки мамлекет башчыларынын сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасы Чолпон-Ата шаарында улантылып, Исфарадагы жолугушуунун жыйынтыктары чыгарыларын кошумчалады.

Бөлүшүү