Бүгүн, 29-июль күнү Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1нен 3-августка чейин абанын күндүзгү температурасы Чүй өрөөнүндө +37…+39° ал эми, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө 27-июлдан 3-августка чейин +39…+41°чейин жогорулашы күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши ыктымал.