Ленин чокусунда дайынсыз жоголгон Орусиянын жараны изделүүдө

Автор -

Чоң-Алай районунда Ленин чокусунан түшүп жатып дайынсыз жоголгон Орусиянын жараны изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 45 жаштагы И.И. 27-июлда Ленин чокусунан түшүп жатып 5 миң метр бийиктиктен байланышка чыккан. Ошол бойдон кабары дайынсыз болууда.

Окуя болгон жерге ӨКМден 6 куткаруучу чыгып, саат 00:10до Кашка-Суу айылына жетип түнөп калышкан.

Бүгүн, 29-июлда эртең менен издөө иштери башталды.

Бөлүшүү