Кыргыз Республикасында курч көйгөйлөрдүн бири — үй бүлөө муктаждыктарын канааттандыруу жана алардын жөндөмдүүлүктөрүн ишке ашыруу, жагымдуу эмгек шарттары менен жумуш издеген адамдардын миграциясы, ал эми мигранттар кулчулукка сатылып кетүү коркунучу алдында турат. Өсүп келе жаткан жаш муун дагы, балким бир канча жылдан кийин эмгек мигранттары болушат. Биздин өспүрүмдөр адам сатуу курмандыгына кабылуу тобокелдигине туруштук бере алышабы, чет өлкөдө өз укуктарын коргоого даярбы? Адамдарды сатуу маселеси, айрыкча, аялдар маселеси боюнча мамлекеттик чек аралар да бөгөт боло албайт, өнүккөн державалар менен өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн ортосунда эч кандай айырма кылбайт.
2019-жылдын апрель айынан тартып май айына чейин Кыргыз Республикасынын 88мектебинде 8-11-класстын окуучуларына жаштардын маалыматтуулугун жогорулатуу үчүн тренингдер өткөрүлдү. Бул иш Эл аралык миграция уюмунун (МОМ), Норвегия Королдугунун тышкы иштер министрлиги тарабынан каржылануучу «Аймактык жана глобалдык шарттардын тегерегинде, адам сатууга каршы күрөштү күчөтүү жана Борбор Азиядагы аялуу мигранттарды коргоо» коргоо долбоорунун алкагында, Борбордук Азиядагы Евразия фонду ишке ашырып жаткан «Адам сатуу көйгөйү боюнча кесиптик окуу жайларынын студенттери, мектеп окуучулары коомчулугунун маалымдуулугун жогорулатуу боюнча маалыматтык кампаниялар» долбоорунун жүрүшүндө аткарылды.
Буга чейин, мугалимдер «Wisefull» психологиялык-педагогикалык борборунун адистери тарабынан акыркы технологиялар боюнча жогорку класстардын окуучуларына кесипке багыт берүү ишине окутулушту.
«Биз жынысына карабастан, бирдей мүмкүнчүлүктөргө жана өспүрүмдөрдү кесип тандап алуу укугуна басым жасайбыз. Темалар жөнөкөй эмес, алар жөнүндө айтуу ар дайым оңой эмес, кээ бирде алар өтө жекече нерселерге тиет. Мисалы, үй-бүлөдөгү абал, чындыгында биз айткан нерселерге карама-каршы келген көз караштар. Биз үчүн жаш адамдардын өзүн-өзү сыйлоо жана башка адамдарды сыйлоо, башкача көз караш менен мамиле кылуу, ЖОЖго тапшырууда, чет өлкөгө кетүүдө оор турмуштук кырдаалдар менен күрөшүүгө жардам бере турган жолдорду көрсөтүү биринчи кезекте маанилүү»,- деп белгиледи, педагогдорду окутууга катышкан профессор, педагогика илимдеринин доктору Сулейман Гумушсой.
Бул сабактын алкагында окуучулар адамдарды сатууу себептери жана тарыхы менен таанышып, мыйзамсыз миграция жана адамдарды сатууга жол бербөө максатында иштелген адам укуктарын коргоочу негизги документтер тууралуу билдик. Ошондой эле, окуучулар заманбап психологиялык тесттер аркылуу кесип жана билим берүү мекемесин тандоодо өбөлгө түзгөн жөндөмдүүлүктөрүн жана жеке кызыкчылыктарды аныкташты.
БАЕФтин аткаруучу директору Надирбекова Анара, «өз жашоосун жана чет өлкөдө иштөө сапатын жакшыртуу үчүн каалоо бул нормалдуу көрүнүш,-деп баса белгиледи — бирок мүмкүн болушунча, барчу өлкө, жумуш берүүчү менен эмгек шарттарын жөнүндө көбүрөөк маалымат алып, ошондой эле татаал жагдай кабылган учурда чет өлкөдө кайда кайрылыш керек экенин билип алуу абдан маанилүү. Ар бир өспүрүм, өз коопсуздугу жөнүндө мектептен баштап эле кам көрүүгө тийиш, бул үчүн ал маалыматка ээ болуш керек. Бүгүнкү күндө жаштардын маалымдуулугу үчүн таасирдүү шаймандар бар — мисалы, «Мигрант үчүн маалымдама» мобилдик колдонмосу жана биздин максаттардын бири – өспүрүмдөргө актуалдуу жана интерактивдүү формада бул маалымат системалары жөнүндө маалымат берүү.»