Эсептөө палатасынын башкы инспектору кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди

Автор -
«КР Эсептөө палатасынын инспектору тарабынан КР Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигиндеги финансылык тартип бузууларды жашырган фактылар аныкталды»
деп билдирет УКМКнын маалымат кызматы.

КР УКМК ККК тарабынан КР Эсептөө палатасынын башкы инспектору А.Н. кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган фактысы аныкталган. Ал КР Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигиндеги кызматкерлердин каржылык укук бузууларды жаап жашырган.

Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө , 27-июнунда КР Эсептөө палатасынын башкы инспектору А.Н КР Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси боюнча айыпталып, Биринчи май райондук соту тарабынан УКМК Убактылуу кармоочу жайында 1 айлык мөөнөткө кармоого баш коргоо чарасы бекитилди.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү