Таш-Дөбө айылында колдору байланган 9 жаштагы кыз табылды

Автор -
250

«Өспүрүм» рейдинин жүрүшүндө Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айылында колдору байланган кыз табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, каттоодо турган аз камсыздандырылган үй-бүлөлөрдү текшерүү маалында керебетте колдору байланган өспүрүм табылган. Аталган үйдө 1950-жылы туулган аял, анын 1978-жылы туулган кызы жана 2010-жылкы небереси жашап келген.

Аялдын айтымында, небереси аны укпай үйдөн качып кетип жүргөн. Эртең менен ал башка небересине үйдөн качып кетип жүргөн небересинин колун байлоону тапшырган.

Кыздын апасы Бишкекте иштейт, ал эми атасы 8 жыл мурун каза болгон.

Өспүрүм борбор калаадагы балдарды коргоо борборуна 6 айга жайгаштырылды.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү