Ленин чокусунда дайынсыз жоголгон Орусиянын жараны тик учак менен изделүүдө

Автор -

Чоң-Алай районунда Ленин чокусунан түшүп жатып дайынсыз жоголгон Орусиянын жараны тик учак менен изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, эс алганы келген И.И. 1974-жылы туулган Орусиянын жараны 27-июль күнү Ленин чокусунан түшүп жатып, саат 18:40та байланышка акыркы жолу чыгып, бирок ошол бойдон кайра байланышка чыккан эмес.

29-июль күнү издөө иштерине «Кыргызстан Валор Эйр» авиакомпаниясынын 1 тик учак тартылган.

Бүгүн, 30-июль күнү издөө иштери дагы улантылат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү