Аида Салянова Кыргызстанда операция жасатуудан баш тартты

Автор -

Тергөө абагында кармалып жаткан Аида Салянова Кыргызстанда операция жасатуудан баш тартып жатат. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы билдирди.

ЖАМКтын маалыматына ылайык, учурда Салянованын абалы салыштырмалуу туруктуу. Ал Бишкектеги №1 тергөө абагында мекеменин дарыгерлеринин көзөмөлүндө турат.

Белгилей кетсек, буга чейин Салянованын сиңдиси Чынара Турдалиева СИЗО-1де камакта отурган мурдагы башкы прокурор тез арада операция жасатууга муктаж деп билдирген эле.

Салянова тез арада операция жасатууга муктаж

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү