Ташкент аэропортунда жарым кило алтын катып өтүүгө аракет кылган адам кармалды

Автор -
202

28-июлда «Ташкент» аэропортунда көтөн чучугуна жарым килограммга жакын алтын катып өтүүгө аракет кылган эркек киши кармалды. Бул тууралуу мекеменин жетекчилигине жакын өз булактар кабарлашты.

[ads-quote-center cite=’деди булак.’]«Текшерүү маалында сканерлөө жабдуусу анын организминде металл бар экенин көрсөткөн. Көтөн чучугун текшергенде презервативге салынган 400 граммдан ашык алтын табылды. Алынган алтындын жалпы баасы 12-17 миң долларды түздү»[/ads-quote-center]

Бул факты боюнча Мамлекеттик коопсуздук кызматы тарабынан «Өлкөдөн мыйзамсыз чыгуу», «Аткезчилик» жана «Бажы мыйзамдарын бузуу» беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Азырынча кармалган намангандык жарандын кайсыл жерде экендиги белгисиз.