Абдыкалык Рустамовдун кармалышы боюнча УКМК видеокомментарий берди (Видео)

Автор -

Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин башчысы пара алып жаткан учурда кармалды. Бул туурасында УКМКдан билдиришти.

2019-жылдын 30-июлунда ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2 000 АКШ долларын алып жаткан учурда КР Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин башчысы Абдыкалык Рустамов жана анын жардамчысы Арслан Ибраев кармалды.

Такталгандай, жетекчи менен анын жардамчысы чет элдик жарандан Ысык-Көл токой чарбасында Ананьево айылындагы жер фондунан 5 га жер участогун берүүдө оң чечим чыгарып берүү үчүн пара талап кылган.

«Кармалган адамдарды тинтүүдө ар биринде пара катары алынган 1 миң АКШ доллар өлчөмүндөгү акчалар табылган. Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 325-беренеси боюнча катталды. Кармалган А.Р. жана А.И. УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат»
деп айтылат маалыматта.
Бөлүшүү