AI Аскаров боюнча чечимди «кыргыз бийлигинин адам укуктарын тоготпогону» деп баалады

Автор -

Эл аралык Amnesty International укук коргоо уюму Азимжан Аскаров боюнча соңку чечимди “Кыргыз бийлигинин адамдын фундаменталдык укуктарын тоготпогону” деп атады.

«Биз Кыргызстанда кайрадан адилетсиздиктин жеңишин көрүп жатабыз. Бийликтин Азимжан Аскаровго карата ички жана эл аралык укук боюнча милдеттенмелерин аткаруусуна эмне тоскоолдук болду? Мунун бир гана жообу бар – бул адам укугун таптакыр тоготпогондук”
деп билдирди уюмдун Борбор Азия боюнча эксперти Денис Кривошеев.

Ага чейин бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары Аскаровдун ден соолугу начарлап кеткенин, аны бошотуп, дарылоого жөнөтүү керектигин айтып чыгышкан.

Жалалабаддык укук коргоочу Азимжан Аскаров «Базар-Коргондо 2010-жылдагы кандуу калабаны уюштурган» деген айып менен соттолуп, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. Ал азыр Чүйдүн Жаңы-Жер айылындагы №19 абакта кармалууда.

30-июлда Чүй облустук сотунун коллегиясы Аскаровду абактан бошотуу тууралуу өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартты. Соттук процесске Британия, Германия, Швейцариянын элчиликтеринин жана Human Rights Watch эл аралык уюмунун, БУУнун адам укуктары боюнча комитетинин өкүлдөрү көз салды.

Мамлекеттик айыптоо өмүрүнүн аягына чейин кесилген адамдын иши кайра каралууга жатпай турганын билдирген.

Бөлүшүү