Санкт-Петербургда издөөдө жүргөн Кыргызстандын жараны кармалды

Автор -
«Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү менен Россиянын ИИМдин Санкт-Петербург шаары жана Ленинград облусу боюнча Башкы башкармалыгынын кызматкерлери Санкт-Петербург шаарынан Кыргыз Республикасынын аймагында жасаган кылмыш иши үчүн издөөдө жүргөн Кыргызстандын жаранын кармашты»
деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын тургуну, 1974-жылы туулган Б.А. аттуу жаран Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренесинин 3-бөлүмүндө (Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же болбосо психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү, эгерде алардын предмети ири өлчөмдөрдөгү баңги каражаттары болсо) көрсөтүлгөн кылмышты жасоого айыпталып, тергөө органдарынан жашырынып жүргөн.

Учурунда, жогорудагы факты боюнча Б.А. кармалып, Бишкек ШИИББдин УКЖга киргизилген.

Тергөөчүнүн шектүүнү “камакка алуу түрүндөгү” баш коргоо чарасын тандоо жөнүндөгү сунушу Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту тарабынан баш тартылып, айыпталуучуга “сыртка чыкпоо жөнүндө тил каттын негизинде” баш коргоо чарасы тандалган.

Тергөө учурунда айыпталуучу тергөөдөн белгисиз тарапка качып кеткен.

Издөө алган тарап маалымдалып, Б.А. аттуу жаранды кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Кыргыз Республикасынын аймагына кайтаруу маселеси чечилип жатат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү